Ссылки доступа

Тажик-өзбек чек арасы: Айдоочулар транзиттик жүктөрдү уруксатсыз алып өтүү тартибин тезирээк киргизүүнү өтүнүүдө


Тажик-өзбек чек арасындагы "Фотехобод" көзөмөл-өткөрмө бекети
Тажик-өзбек чек арасындагы "Фотехобод" көзөмөл-өткөрмө бекети

Өзбекстан менен Тажикстан транзиттик жүк ташыган айдоочуларга эки өлкөнүн аймагы аркылуу расмий уруксатсыз өтүүгө мүмкүндүк берген документке кол койгонуна дээрлик бир ай болсо да, маселе чечиле элек.

Бул тууралуу оор жүк ташуучу автоунаалардын айрым айдоочулары билдирип, эки тарапты аталган документти тез арада ратификациялоого чакырышты. Алардын айтымында, документ күчүнө киргенден кийин жүк ташуу кыйла жеңилдеп, өз кезегинде бул өнүмдөрдүн арзандашына таасир этет.

"Атайын уруксат алуу талабы жоюлса бизге эле эмес, керектөөчүлөргө да жакшы болмок. Анткени бул азык-түлүк баасынын төмөндөшүнө да түрткү болот. Азыр бир уруксат кагазын алуу үчүн 170 доллардан төлөп жатабыз", – деди тажик-өзбек чек арасындагы "Фотехобод" көзөмөл-өткөрмө бекетинде кезекте турган Идибек Мирзоев аттуу айдоочу.

Тажикстандын Транспорт министрлиги эки тарап кол койгон документ өлкөлөрдө тиешелүү процедуралардан өтүп, ратификациялангандан кийин күчүнө кирерин билдирүүдө. Азырынча ички жол-жоболордун качан аяктай турганы белгисиз.

Документке быйыл 18-апрелде, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Душанбеге жасаган сапары учурунда кол коюлган.

Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылдан бери "эки өлкөнүн ортосунда жана өлкөлөрдүн аймагы аркылуу транзиттик жүк жана жүргүнчү ташууда айдоочулардан уруксат алуу талап кылынып келген.

"Бул макулдашуу жүктү жеткирүү мөөнөтүн кыйла кыскартып, жүктүн бузулуп кетүү же жабыркоо тобокелдигин азайтат", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Быйыл январдын аягында айдоочулар тажик-өзбек чек арасындагы "Фотехобод-Ойбек" көзөмөл-өткөрүү бекетинен өтүүдө кыйынчылыктарга кабылып жатышканына даттанышкан. Алардын айтымында, Тажикстандын Транспорт министрлиги жүк ташуучу унааларга бере турган уруксат кагазы тартыш болуп, чек арада узун кезек жаралган.

"Биз бланк кагаздарды басып чыгарбайбыз, алар коңшу өлкөдөн келет. Ошондуктан күтүүгө аргасыз болуп жатабыз", – деген анда Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхим.

Өткөн жуманын аягында "Озоди" радиосунун "Фотехобод" өткөрмө бекетине барган кабарчысы буга чейинки айлардагыдай жүк ташуучу унаалардын кезеги дээрлик жок экенин, негизинен чет өлкөлүк номурлар тагылган фуралар кезек күтүп турушканын билдирген.

Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы тажик тараптан айдоочуларга жалпысынан 8 миллион долларга 80 миңге жакын уруксат кагазы берилген.

XS
SM
MD
LG