Ссылки доступа

Өзбекстан дин тутуу эркиндигин бузган өлкөлөрдүн катарында калды


АКШнын мамлекеттик департаментинин 2023-жылга карата баяндамасында Өзбекстандагы дин тутуу эркиндигиндеги чектөөлөр белгиленген.

Баяндамада Өзбекстан өкмөтү дин тутуу эркиндигин камсыздоо боюнча милдеттенмелерин жарым-жартылай аткарганы, бирок көбү аткарылбай жатканы айтылган.

АКШ өкмөтүнүн эсеби боюнча, Өзбекстанда 35 миллион суннит мусулмандары жана 122 миңдей шииттер, 822 миң православ христиандары жана 540 миңден ашык башка диндегилер жашайт.

Өлкөнүн Конституциясы мамлекет менен динди бөлүп турат, бирок диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө мамлекеттин кийлигишкен учурлары бар.

Мамдепартаменттин 2022-жылдагы отчетунда Өзбекстандын түрмөлөрүндө террористтик жана экстремисттик ишмердүүлүккө же диний фундаменталдык уюмдарга мүчө болгон деп айыпталган 1800дөн ашык туткун бар экени белгиленген.

"Өткөн жылдардан айырмаланып, өкмөт бул жылы диний экстремизм боюнча же диний фундаменталдык уюмдарга тиешеси бар деген айып менен камалгандар тууралуу маалымат берген жок. Жергиликтүү маалымат каражаттары интернеттеги диний ишмердүүлүгү үчүн кеминде беш киши түрмөгө же үй камагына кесилгенин кабарлашты", - деп айтылат маалыматта.

Мамдепартаменттин “Форум 18” уюмуна шилтеме берүү менен билдиргенине караганда, өлкөдө мусулмандарды көзөмөлдөө – рейддер, үйлөрдү тинтүү, камакка алуу, мамлекеттин уруксатысыз диний сабак бергендерди административдик жазага тартуу жана кылмыш иштерин ачуу аркылуу ишке ашып жатат.

АКШнын Эл аралык дин эркиндиги боюнча комиссиясы (USCIRF) Өзбекстанды дин тутуу эркиндигин одоно бузгандыгы үчүн өзгөчө көзөмөлгө алынган өлкөлөрдүн тизмесинде калтырды.

XS
SM
MD
LG