РБК басылмасы казакстандык брокерлердин биринин кардарларына жолдогон билдирүүсү менен таанышкан. Билдирүүдө бул талап АКШнын Орусиянын Улуттук эсептешүү депозитарийине (NSD) каршы киргизген санкциясына байланыштуу экени айтылган.
Казакстан депозитарийинде Орусияга байланышы бар баалуу кагаздардын 140ка жакын түрү сакталган. Бул – суверендүү облигациялар, корпоративдик облигациялар жана акциялар. РБК мындай баалуу кагаздарды чет өлкөлүктөрдөн арзандатуу менен сатып алуу 2022-жылдан бери популярдуу инвестициялык идея болгонун жазат.
12-июнда АКШ Орусияга каршы санкциялык режимди күчөттү. Жаңы тыюу Орусиянын биржасында доллар менен евронун соодасын токтотту. Вашингтон ошондой эле экинчи даражадагы санкцияларды киргизүүгө негиз боло турган орусиялык жеке адамдардын, компаниялардын, банктардын жана экономика секторлорунун тизмесин кеңейтип, орусиялыктарга бир катар IT кызматтарын жана консультацияларды көрсөтүүгө толугу менен тыюу салды.
Санкциялык тизмеге Москва биржасы, Улуттук клиринг борбору жана Улуттук эсептешүү депозитарийи, “Согаз” камсыздандыруу компаниясы жана Орусиянын Улуттук кайра камсыздандыруу компаниясы да кирди.