Ахмад Иброхим – Хатлон облусундагы жападан жалгыз көз карандысыз "Пайк" гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору. "Озоди" радиосунун булактары билдиргендей, ал 12-августтан бери камакта.
“Ахмад Иброхимдин кармалышы Тажикстанда сынчыл журналистика канчалык кооптуу экенин дагы бир жолу эскертет”, – дейт CPJдин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Гулноза Саид.
«Тажик бийлиги Иброхимди, ошондой эле учурда кесиптик ишмердүүлүгү үчүн камакта жаткан дагы жети журналистти бошотуп, маалымат каражаттарынын эркин иштөөсүнө шарт түзүшү керек», - деп баса белгиледи ал.
Расмий түзүмдөр Ахмад Иброхимдин кармалганы тууралуу маалымат беришпейт, жакындары жана журналисттер пресса менен байланышуудан баш тартышууда.
«Озоди» радиосунун укук коргоо органдарындагы атын атагысы келбеген булагы «Куляб шаарынын прокуратурасы Ахмад Иброхимге Тажикстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал "Пайканын" каттоосун жаңыртуу үчүн мамлекеттик кызматкерге акча бергени айтылууда.
Ахмад Иброхим 62 жашта. "Пайк" гезити ачылган 2012-жылдан бери ал сын макалалары үчүн жергиликтүү бийлик менен соттошуп, каржылык кыйынчылыктардан улам чыкпай калган да учурлары болгон.
2014-жылы облустук прокуратуранын чечими менен гезиттин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган. Мекеменин билдирүүсүндө "Пайк" каттоо мөөнөтүн өз учурунда узартай, беш ай мыйзамсыз чыгарылып турганы жазылган. Анда прокуратура редакцияга 400 сомони өлчөмүндө айып пул салган.