Ссылки доступа

Тажикстандын жогорку кызматтагы чиновниктери Тоолуу Бадахшанга барышты. Ал жакта эмне болуп жатат?


Тажикстандын жогорку даражалуу өкүлдөрүнөн турган топ Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусуна жөнөп кетти.

"Озоди" радиосунун маалымат булагы 6-июнда билдиргендей, Башкы прокурор Юсуф Рахмон, Жогорку соттун төрагасы Шермухаммад Шохиён жана Тажикстандын Коргоо министри Шерали Мирзо иш сапары менен Бадахшанга кетишти. Алар 7-июнда Ванж районунун Язгулом айылынын тургундары менен жолугушат.

Маалыматка ылайык, жыйында Язгулом айылындагы акыркы окуялар жана камакка алуулар тууралуу сөз болот.

16-майда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Ванж районунун Язгулом айылынын 30дан ашуун тургунун “диверсия даярдаган” деген шек менен кармашкан. Бийлик Тоолуу Бадахшандын батышындагы бул жана башка камоолор боюнча расмий комментарий бере элек, бирок “Озоди” радиосунун булактары кармалгандардын айрымдары Ооганстандагы экстремисттик топтор менен кызматташкан деп шектелип жатканын кабарлады.

"Озоди" радиосунун өз булагы өткөн аптада Язгуломдун дагы төрт тургуну Санкт-Петербургдан Тажикстанга экстрадицияланып, учурда камакта экенин билдирген. Ал алардын экстрадицияланышын Язгуломдогу соңку окуялар менен байланыштырат.

Кармалгандардын жакындары журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартышты.

"Озоди" радиосу камактагы 19 адамдын аты-жөнүн аныктады, алардын айрымдарынын фамилиялары окшош жана бир үй-бүлөдөн болушу мүмкүн.

Ванждагы жергиликтүү аткаминерлердин бири 5-июнда билдиргендей, кармалгандардын айрымдары Ооганстандан Язгуломго келишкен жана кээ бир булактардын айтымында, алар тоодо курал-жарак кампасын жасашкан. Бирок мунун далили жок.

Язгулом – Тоолуу Бадахшандын Ванж районундагы Ооганстан менен чектеш айылы. Буга чейин бийлик өкүлдөрү бул айылдын ондогон тургундары чет өлкөлөрдө экстремисттик топторго кошулуп кеткенин айтып келишкен. Язгуломдун жашоочуларынын айтымында, бул алыскы аймак жана анын тургундарынын көбүнүн туруктуу жумушу да, отурукташкан жашоосу да жок.

XS
SM
MD
LG