Ал өзүнүн иш бөлмөсүндө 27 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган. Бул тууралуу Талдыкорган шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.
Куштыбаев полициянын полковниги наамынан ажыратылды. Ошондой эле ага 10 жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынды.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, полиция кызматкерлери 2023-жылдын 12-ноябрында бөлүмгө коомдук тартипти бузганы үчүн кармалган кыз-жигитти алып келишкен. Кызды Куштыбаев суракка алып, аны иш бөлмөсүндө зордуктаган. Эртеси коопсуздук кызматкери кармалган.