Тажикстандын Билим берүү министрлигинин өкүлү жана колдонмонун авторлорунун бири Бободжон Жахонгир “Озоди” радиосуна билдиргендей, Тажикстанда өспүрүмдөр арасында кордоо, өкүмзордук барган сайын кеңири жайылып баратат. Ошондуктан министрлик мугалимдер жана окуучулар арасында буллингге каршы багытталган окууларды өткөрүүнү чечти.
"Бул документтин аркасында мугалимдер шылдыңдоо, басмырлоо, кибербуллинг деген эмне экенин жана мындай көрүнүштөр менен кантип күрөшүү керектиги тууралуу маалымат алышат. Эгерде биз буллингдин алдын албасак, окуучулар мектепке барбай, өзүн-өзү өлтүрүп коюшу да мүмкүн", - деп түшүндүрдү ал.
Ошол эле маалда адистер учурда Тажикстандын мектептеринде профессионал психологдор жетишсиз экенин, бекитилген көрсөтмөлөрдүн аткарылышы негизги көйгөй болорун белгилешет.
Колдонмону иштеп чыгуучулардын бири, "Жарандык эркиндик кеңсесинин" директору Дилрабо Самадова учурда колдонмону басып чыгарып, өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелерине таратуу үчүн демөөрчүлөрдү издеп жатканын айтат.
"Балдар мектепте дайыма эле өздөрүн коопсуз сезе бербейт. Мугалимдерден да, жогорку класстын окуучуларынан да, жада калса мектептерде "рейд" деп аталган иштерди жүргүзүп жаткан инспекторлордон да кооптонуп турушат. Алар ырааттуу түрдө кысымга жана коркутууларга туш болушат. Мисалы, алардын китепкаптары тинтилип, буюмдары алынат. Балдар негизи эле бардык нерседен коркушат", - дейт укук коргоочу.
Ошол эле учурда жаңы документке ылайык, мектепте укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн болушу буллинг катары эсептелбейт. Тажикстандын мыйзамдарына ылайык, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында аларга мектептерде иштөөгө уруксат берилген.