Блинкен Киевге берилген жардамдын алкагында коргонуу өнөр жайы үчүн фонд түзүлөрүн, ал Украинаны курал-жарак менен камсыз кылуу, инвестиция жана башка өлкөлөрдөн курал-жарак сатып алуу иштери менен алектенерин айтты.
"Биз аскердерди жана карапайым жарандарды коргоо үчүн ок-дарыларды, чопкутталган техниканы, ракеталарды, абадан коргонуу системаларын ыкчам жеткирип жатабыз", - деди АКШнын мамлекеттик катчысы.
АКШнын президенти Жо Байден 24-апрелде Украинага дээрлик 61 млрд доллар жардам берүү мыйзамына кол койгон.
Зеленский Украина Patriot абадан коргонуу системаларына өтө муктаж болуп жатканын, мындай зарылчылык соңку күндөрү Орусия чабуулдарын күчөткөн Харьков облусунда курч экенин билдирген.