Ссылки доступа

Ислам Каримовдун мурдагы кудасы Өзбекстанда жемкорлук күчөп жатканын билдирди


Саидикром Ахроров
Саидикром Ахроров

Кезинде бир жолу колдонула турган медициналык ийне өндүрүү боюнча Өзбекстандагы алгачкы заводду түптөгөн Саидикром Ахроров президент Шавкат Мирзиёевдин реформаларды жасоо жана ишкердик климатты жакшыртуу убадасына ишенип чет өлкөдөн мекенине кайтып келгендердин бири. Бүгүнкү күндө ал 2016-жылдагы убадаларын аткарбаганы үчүн мамлекет башчысын сынга алып, каржылык алдамчылыктын жана жемкорлуктун курмандыгы болгонун билдирүүдө.

Ахроров 1980-жылдардын аягында түптөгөн медициналык ийне өндүрүүчү завод өлкө эгемендик алгандан кийин менчиктештирилген. Ахроров заводдун акцияларынын 40% сатып алып, анын директору болуп калган. 2000-жылдардын башында заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 250 миллион ийнеге чейин жетип, ири кирешелүү бизнеске айланган.

2003-жылы Ахроровдун уулу өлкөнүн ошол кездеги президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола менен ажырашып кеткенден кийин үй-бүлөгө кысым башталган.

Ахроров үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетип, алгач Испанияда жашаган. Андан соң Бириккен Араб Эмираттарына көчүп барып, кыймылсыз мүлк бизнеси менен алектенген. Ал мекенине 2016-жылы өлкөдө режим алмашкандан кийин кайтып келген. Ага бийликтен мурдагы ийне өндүрүү заводун калыбына келтирүү үчүн инвестор табуу сунушу түшкөн. Ахроров макул болуп, жарым жылдын ичинде адискөйлөрдөн турган команда чогултуп, заводду кайрадан кирешелүү бизнеске айлаткан. Бирок ага чейин башка компаниялар заводду күрөөгө коюп насыя алгандыктан, Med Invest заводу банкрот деп табылып, прокуратура анын активдерин конфискациялай баштаган. Быйыл кышында завод экинчи жолу жабылган.

"Ачык эле көрүнүп турган каржы алдамчылыгы үчүн бүгүнкү күнгө чейин эч ким жоопкерчиликке тартыла элек. Прокурорлор шылуун компанияларга карата тергөө иштерин баштагандын ордуна, аларга жардам берди", – деди Ахроров.

Мирзиёев бийликке келгенден кийин чет өлкөлөрдө жүргөн өзбекстандык адистер менен ишкерлерди мекенине кайтып келип, реформаларды ишке ашырууга көмөктөшүүгө бир нече жолу чакырган.

Ахроров президенттин ал убадалары аткарылбаганын, ишкерлик чөйрөдөгү уурулук менен жемкорлук Каримов мезгилиндегиден кыйла күчөгөнүн айтууда.

"Албетте коррупция мен өлкөдөн чыгып кеткен 2003-жылы деле бар болчу. Бирок анын масштабы бүгүнкү күндөгүгө жетчү эмес. Анда адамдар камалып кетем деп банктан мыйзамсыз насыя алгандан коркчу. Азыр болсо эч коркпостон алып, жазага тартылбастан ээн-эркин жүрүшөт", – деди Ахроров.

XS
SM
MD
LG