Басылманын маалыматына караганда, Минск Азербайжандын эски артиллериялык курал-жарактарын модернизациялап, радиоэлектрондук күрөш үчүн пайдаланыла турган жаңы жабдууларды жана дрондорду берген.
Беларус менен Армения Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө. Мындан тышкары бул аскердик уюмга Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан кирет.
Армения 2023-жылы бир нече жолу ЖККУнун иш-чараларына катышуудан баш тарткан. Быйыл февралда өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян Армения уюмдагы мүчөлүгүн дээрлик токтотконун билдирген. Май айында Ереван уюмдун ишмердүүлүгүн каржылоону токтотконун жарыяласа, өткөн аптада Пашинян Армениянын ЖККУдан чыгуу ниетин билдирген. Ошол эле маалда ал аскердик уюмдан чыгуунун так датасын айткан эмес.
Бул билдирүүсүнөн кийин Пашинян Александр Лукашенкону Тоолуу Карабактагы согуш учурунда Азербайжанга колдоо көрсөтүүгө айыптаган. Андан соң Ереван кеңешүү үчүн Беларустагы элчисин чакыртып алган. Жооп катары Минск да Армениядагы элчисин чакырткан.
Азербайжан менен Армения 30 жылдан ашуун убакыттан бери Тоолуу Карабактын айынан жаңжалдашып келген.
2023-жылы сентябрда Азербайжан аймакта "антитеррордук операция" баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында анклавдын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып берген.
Эл аралык коомчулук тааныбаган "Тоолуу Карабак Республикасынын" лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан баштап жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу буйругуна кол койгон.
Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндардын жүз миңден көбү Арменияга чыгып кеткен.