Ссылки доступа

Байден Конгрессти курал сатууну чектөөгө чакырды


АКШнын президенти Жо Байден мамлекет башчысы кызматына талапкер Дональд Трампка кол салуу болгондон кийин Конгрессти AR-15 үлгүсүндөгү мылтыкты эркин сатууга тыюу салууга чакырды.

Байден Трампка кол салууда куралдын дал ушундай түрү колдонулганын белгиледи.

"Дональд Трампка ок атууда AR-15 үлгүсүндөгү мылтык (винтовка) колдонулган. Бул өтө көп адам, анын ичинде балдар өлтүрүлгөн кол салуучу курал. Ага тыюу салууга мезгил келди", – деди Байден Лас-Вегастагы митингде.

Демократтар жапырт адам өлтүрүү учурларынын көбүндө AR-15 мылтыгы колдонулганын белгилеп, аны эркин сатууга тыюу салууга көптөн бери аракет кылып келишет. Алар өзүн-өзү коргоодо куралдын бул түрүн ашыкча деп эсептешет.

Өз кезегинде республикачылар, анын ичинде Дональд Трамп буга каршы болуп, куралдуу адам кылмышкерлерге натыйжалуу каршылык көрсөтө аларын билдирүүдө. Конгресс республикачылардын колдоосусуз AR-15 мылтыгын ачык сатууга тыюу сала албайт.

Дональд Трамп 13-июлда Батлер шаарында тарапташтары менен жолугушуу учурунда кулагына ок жеп, жеңил жараат алган. Маалыматтарга караганда, ок аткан кишини кошкондо эки адам каза таап, дагы эки киши жараат алды. ФБР бул окуяны адам өмүрүнө кол салуу беренеси менен иликтеп жатканын билдирди. Ок аткан адам 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс экени айтылган.

XS
SM
MD
LG