Ссылки доступа

Байден: Насралланын өлгөнү – "сот акыйкаттыгынын орногону"


АКШ президенти Жо Байден 27-сентябрда Израилдин Бейрутка жасаган аба соккусунун натыйжасында Ливандагы "Хезболла" радикал тобунун лидери Хасан Насралланын өлүмүн "сот адилеттиктин орношу" деп атады.

Жо Байден "Хезболла" көптөгөн адамдардын өмүрүн кыйганын, алардын арасында миңдеген америкалыктар, израилдиктер жана Ливандын карапайым жашоочулары болгонун эске салды.

ЦАХАЛ Насралла 27-сентябрдын кечинде израилдик кыргын салуучу учак "Хезболланын" Бейруттагы турак үйлөрдүн бириндеги башкы штабына сокку урганда өлтүрүлгөнүн билдирген.

“Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар.

ЦАХАЛ жума күнү Бейруттун түштүк районуна "Хезболланын" борбордук кеңсесине чоң сокку урган. Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги кеминде алты адам набыт болуп, 91 адам жараат алганын жарыялаган.

Апта башынан бери Израил армиясы Ливандын негизинен түштүк аймактарына сокку уруп, бул райондордо курал, атуу үчүн орнотулган жабдыктар жана “Хезболланын” мүчөлөрү бар экенин белгилеп жатат. Жай тургундардын үйлөрүн пайдаланып жатканын четке каккан "Хезболла" да Израилди көздөй ракеталарды учурууда. Соңку күндөрдөгү соккулардан “Хезболланын” бир нече командири каза болгон.

XS
SM
MD
LG