Басылма белгилегендей, мыйзамсыз миграция АКШдагы шайлоо өнөктүгү учурунда талапкерлер үчүн эң маанилүү маселелердин бирине айланып, азыркы президенттин "жашоосун кыйла татаалдаштырууда".
Ак үй бул мунапыс менен АКШ жарандарынын өлкөдө 10 жылдан кем эмес убакыттан бери жашап жаткан жубайларынын тагдырын жеңилдетүүнү чечкен. Аларга иштөөгө убактылуу уруксат берилет. Президенттик администрациянын эсебине ылайык, бул жаңы эрежелер менен жарым миллиондон ашык киши пайдаланышы мүмкүн.
Майдын аягында Байден АКШга Мексиканын чек арасы аркылуу келген мигранттардын агымын чектөөгө багытталган жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, эми чек арадан мыйзамсыз өткөндөр АКШда башпаанек сурап кайрыла алышпайт. Ошондой эле иммиграциялык кызматтын өкүлдөрү алардын башкалка берүү тууралуу арызын кабыл албастан, өлкөдөн чыгаруу укугуна ээ болушту.