Ал өлкөдөгү эң курч маселелер боюнча өз позициясын эркин билдирген саналуу саясатчылардын бири болгон. Анын кармалышы коомдо өлкөдөгү эркиндиктердин чектелишинин ачык көрсөткүчү катары кабыл алынууда.
Хакимовдун жакындары журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартышты. Бирок "Озоди" радиосунун өз булагы Хакимов бир жума мурун, 12-июлда Тажикстандын Башкы прокуратурасына чакырылып, андан кийин камакка алынганын билдирди.
Мамлекеттик органдарга жакын булак 18-июлда "Озоди" радиосуна анонимдүү түрдө билдиргендей, Шокиржон Хакимов Демократиялык партиянын мурдагы лидери, парламенттин экс-депутаты Саиджафар Усмонзодага козголгон иштин алкагында кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Тажик бийлиги бул боюнча расмий билдирүү тарата элек. Хакимовдун жакындары иштин чоо-жайын билүү үчүн адвокат жалдоо ниетинде.
Шокиржон Хакимов социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу болгон, бирок 7-июлдан бери бир дагы баракчасына кирген эмес, телефону да ошондон бери өчүк.
Хакимовдун достору ал 16-июлда апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына келе албай калганын кабарлашты.
Шокиржон Хакимов Канибадам шаарында туулган, 58 жашта. Юридика илимдеринин доктору. 2017-жылы азыркы бийликти сындап, ЖОЖдорго, мамлекеттик органдарга жумушка алынбай калганын билдирген.
Хакимов Тажикстандын Социал-демократиялык партиясы түзүлгөн 2002-жылдан бери анын мүчөсү, кийин Социал-демократтар партиясынын лидеринин орун басары болгон.