Ссылки доступа

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2024-жылдын 7-февралына дайындалды


 Азербайжан президенти Илхам Алиев
Азербайжан президенти Илхам Алиев

Азербайжандын президенти Илхам Алиев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 2024-жылдын 7-февралына белгиледи. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун азери кызматы Алиев кол койгон буйрукка таянып билдирди.

Мыйзам боюнча шайлоо 2025-жылы өтүшү керек болчу.

Азербайжанда президент жети жылдык мөөнөткө шайланат, бул өзгөртүү Конституцияга 2016-жылдагы референдумда киргизилген. Буга чейин президент беш жылдык мөөнөткө шайланчу.

Азербайжанда акыркы президенттик шайлоо 2018-жылдын 11-апрелинде өткөн. Адегенде ал октябрда өтүшү керек болчу, бирок Алиев добуш берүүнү бир нече айга кийинкиге жылдырган. Негизги оппозициялык партиялар шайлоого бойкот жарыялашкан. Алар Алиевди эркиндикти жок кылууга, авторитаризмге жана оппозицияны куугунтуктоого айыптоодо.

Илхам Алиев президенттикке биринчи жолу 2003-жылы – өлкөнү 10 жыл башкарган атасы Гейдар Алиев өлөрүнө эки ай калганда шайланган. Алгач Илхам Алиев бир киши эки мөөнөт катары менен гана президент боло алат деген мыйзамды жокко чыгарды. Андан соң президенттик мөөнөттү беш жылдан жети жылга чейин көбөйттү. Саясат таануучулар Илхам Алиев дагы өз ордун уулу Гейдар Алиевге өткөрүп берүүнү көздөп жатат деп эсептешет.

2020-жылдын февралында Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөн. Анда Илхам Алиев төрагалык кылган башкаруучу “Жаңы Азербайжан” партиясы жеңген. Азербайжандын оппозициясы бийлик шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганын, жарыяланган жыйынтыктар элдин эркин чагылдырбай турганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG