Ссылки доступа

Урматтуу өнөктөштөр, кесиптештер жана достор!


centralasian.org
centralasian.org

Бүгүн сиз биздин "Борбор Азия жаңылыктар кызматынан" акыркы жолу чөлкөмдөгү маалымат топтомун алдыңыз.

9 жыл бою биз сизге региондогу жана дүйнөдөгү эң актуалдуу жана кызыктуу жаңылыктарды камтыган миңдеген маалымат топтомун жөнөттүк. Биз Кыргызстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан жүздөгөн өнөктөштөрдү жана досторду таптык!

Ушул убакытта биздин долбоор аймактагы көптөгөн ЖМКларды бириктирип, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун бардык кызматтарынан алынган кабарлар менен сиздердин жаңылыктар лентаңыздарды акысыз толуктоого жардам берди.

Биз бардык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз! Биздин ишибиз жөнүндө айтылган жылуу пикирлер үчүн алкыш!

А бирок биз сени менен коштошпойбуз. Биздин www.centralasian.org веб-сайтыбыз мындан ары башка форматта иштей турганын белгилегибиз келет. Эң кызыктуу жаңылыктарды ошол жерден окуй аласыз.

Мындан тышкары "Мигрант Медиа" Телеграм каналыбыз ишин улантууда. Анда биз Борбор Азия өлкөлөрүндөгү гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү миграциялык процесстер тууралуу акыркы жаңылыктарды айтып турабыз.

Сиздерди терең урматтаган "Борбор Азия жаңылыктар кызматынын" жамааты!

XS
SM
MD
LG