Ссылки доступа

Актау шаарында келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскердин сөөгү табылды


Актау шаарында келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскердин сөөгү өз батиринен табылды.

Актау гарнизонунун басма сөз кызматы билдиргендей, 28-сентябрда Актау гарнизонунун аскер бөлүктөрүнүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 39 жаштагы аскердин сөөгү табылган.

Маалым болгондой, ал былтыртан бери декреттик өргүүдө болгон.

«Алдын ала маалымат боюнча, келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкери үй-бүлөлүк жаңжалдан улам асынып алган. Анын себептери жана жагдайлары такталууда. Кылмыш иши козголду», — деп айтылат Актау гарнизонунун басма сөз кызматы дүйшөмбү күнү тараткан билдирүүдө.

Актауда аскер кызматкеринин өлүмү тууралуу маалымат жергиликтүү Телеграм каналдарында ишемби күнү кечинде пайда болгон.

Бийликтин маалыматы боюнча, Казакстанда 2020-жылдан 2023-жылдын апрелине чейин Куралдуу күчтөрдө 270 адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG