Ссылки доступа

Ташкентте окуучуну сабаган мугалимге 530 доллар айып пул салынды


Ташкентте 6-класстын окуучусун класста сабаган мугалимге 530 доллар айып салынып, мектеп директору иштен алынды.

Окуя №188 мектепте болгон.Мугалим биринчи жумуш күнүндө окутуу тили боюнча талашып-тартышып, бир баланы уруп койгон. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап кеткен.

Окуучунун апасы уулу үйгө депрессиялык абалда кайтып келгендиктен милицияга кайрылган. Эртеси аял окуянын чоо-жайын билүүгө аракет кылганын, бирок мугалим ага да акарат келтиргенин айткан.

Өзбекстанда мектепте мугалим окуучуга кол көтөргөн окуяга Орусия кийлигишип, кылдат көз салып жатканын билдирген.

Өзбекстан болсо расмий Москвадан өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөнү сураган.

XS
SM
MD
LG