Сыдыковдун телефону жана дептери алынды.
Андан сырткары активисттер Азат Тулеухан менен Ракыш Токмамбеков да кармалган.
Кармоонун себептери азырынча белгисиз. Полиция комментарий берген жок. Өз булактардын маалыматына караганда, кармоо Казакстанда 6-октябрда өтө турган атомдук электр станциясын куруу боюнча референдумга байланыштуу болушу мүмкүн.
Казакстанда активисттер көбүнчө өлкөдөгү маанилүү окуялардын алдында камакка алынат.