Ссылки доступа

"Тажик Эйр": Душанбеден Хорогго кайрадан учак каттай баштайт


“Тажик Эйр” улуттук авиакомпаниясы 30-сентябрдан тарта Дүйшөмбү-Хорог каттамын жандантты. Компаниянын башкы директору Парвиз Шодмонзода каттамдар аба ырайына жараша болорун жана жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү учаарын билдирди. Учуунун узактыгы 1 саат 10 мүнөттү түзөт.

Билеттерди Дүйшөмбүдөгү авиакомпаниянын кеңсесинен бир тарапка 900 сомониден (7135 сом) сатып алса болот. Каттамдарды 17 адамды батыра ала турган Ан-28 учагы аткарат.

“Тажик Эйр” суроо-талапка жараша башка шаарларга, анын ичинде Пенжикент, Лахш, Гарм, Куляб, Ишкашим жана Айниге да каттамдарды ачууну пландап жатканын кабарлады.

Эскерте кетсек, Хорогго акыркы аба каттам 2017-жылы токтотулган. Андан бери Тоолуу Бадахшандын борборуна автоунаа менен гана барууга болот.

XS
SM
MD
LG