Окуя Чиланзар районундагы №188 мектепте болгон. Социалдык тармактарда завуч окуучуну кулагынан чоюп, доска тарапка түртүп, жаакка чаап, алка-жакадан алып, башын доскага урган видео тараган.
Окуучу олуттуу жаракат алган эмес, бирок анын ата-энеси укук коргоо органдарына кайрылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Билим берүү башкармалыгы билдиргендей, завуч сыноо мөөнөтү менен ишке алынган жана бул анын биринчи жумуш күнү болчу.
Баланын апасы класс жетекчиси окуяны билип туруп териштирбей, баланы бүт класстын көзүнчө мугалимден кечирим суроого мажбурлаганын билдирген. Баланын көңүлү чөгүп, мектепке баруудан баш тарткан.
Өзбекстандын Балдар акыйкатчысынын кеңсеси билим берүү мекемелеринде балдарга зомбулук көрсөткөндөр мыйзам алдында жооп бериши керектигин баса белгиледи.
Баланын апасы Фейсбукта жаңжал бала мугалимден сабакты өзбек тилинде эмес, орус тилинде өтүүнү сурангандан кийин чыкканын жазган. Пост кийинчерээк өчүрүлгөн.