Жарандарга убактылуу коопсуз борбордук жана түндүк аймактарга көчүп кетүү же коммерциялык каттамдар бар маалда Ливандан чыгып кетүү сунушталат.
Элчилик ошондой эле сактык чараларын көрүп, жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарууну сунуштайт. Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Израилдин соккуларынан 550дөн ашуун адам, анын ичинде аялдар жана балдар набыт болду. Соккулар негизинен Ливандын түштүгүндө жана борбордо жасалды.
Израил "Хезболланын" буталарына гана чабуул жасап жатканын айтууда, бирок Ливан бийлиги жарандык инфраструктура талкаланганын билдирүүдө. АКШнын президенти Жо Байден тынчтык сүйлөшүүлөрү жаңжалды чечүүнүн жалгыз жолу экенин белгиледи.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин абал турукташканга чейин Ливан менен Израилге баруудан баш тартууну сунуштаган.