Ссылки доступа

Ташкентте транспорттук кызмат көрсөтүү ишканасынын мурдагы башчысы соттолду


Ташкентте «Тошшахартрансхизмат» ишканасынын мурдагы жетекчиси Анвар Жураевдин соту башталды. Судья журналисттерге процессти видеого тартууга тыюу салды.

Жураев 2024-жылдын 7-февралында Башкы прокурордун орун басарынын өтүнүчү менен камакка алынган. Ал кол алдындагылар менен сүйлөшүп алып, запастык тетиктерди жана күйүүчү май уурдаган деп айыпталууда.

Жалпысынан бул ишке 21 адам катышканы айтылып, алардын 8и камакка алынган. Айыпталгандардын арасында «Тошшахартрансхизмат» ишканасынын төрагасынын орун басарлары, «Тошавтотамирхизмат» ишканасынын төрагасы жана автобазалардын жетекчилери бар.

XS
SM
MD
LG