Ссылки доступа

Акылбек Жапаров маморгандарга бардык үйлөрдү жыл соңуна чейин камсыздандырууну тапшырды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга 2024-жылдын аягына чейин бардык үйлөрдү, анын ичинде кырсык коркунучу бар аймактарда жайгашкан үйлөрдү камсыздандырууну тапшырды.

Акылбек Жапаров мындай тапшырманы 2024-жылдын 9 айында республиканын ар кайсы аймактарында болгон селдин кесепеттерин жоюу маселелерине арналган кеңешме учурунда берди.

Министрлер кабинети турак жайларды камсыздоо кырсык кайталанган учурда жарандарды финансылык жактан коргоону камсыз кылат жана турак жайынан ажыраган үй-бүлөлөрдүн чыгымдарын азайтат деп эсептейт.

"Камсыздандыруу адамдарга жаратылыш кырсыктарынан кийин тез калыбына келүүгө, мамлекеттик бюджеттин жүгүн азайтууга жардам берүүчү маанилүү курал болуп калат", - деп айтылат басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин берген маалыматына караганда, Кыргызстанда 2024-жылдын сентябрына карата 331 сел катталып, анын кесепетинен 5354 үй жабыркаган. Анын ичинен 102си бузулуп, 138и капиталдык оңдоого муктаж болуп турат.

XS
SM
MD
LG