Ссылки доступа

Самаркандда 13 жаштагы кызын сатууга аракет жасаган аял 5 жылга соттолду


Самаркандда 41 жаштагы аял 13 жаштагы кызын 25 миң АКШ долларына сатуу үчүн ресторанга келген учурда кармалган. Далил катары аялдын жанынан кызын сатуудан түшкөн акча табылган.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, аял Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси («Уурулук») менен 2 жыл мурун соттолгон жана кылмыш учурунда үй камагында жазасын өтөп жаткан.

Кызын сатууга аракет кылганы үчүн «Адам сатуу» беренеси боюнча 5 жыл 2 айга эркинен ажыратылды.

Аялдын кызы жана башка балдары мамлекеттин камкордугуна алынды.

XS
SM
MD
LG