Ссылки доступа

Самаркандда блогер административдик камактан чыкты


Өзбекстандын Самарканд шаарында блогер жана журналист Баходур Хасанов 10 күндөн кийин административдик камактан бошотулду.

10-сентябрда сот аны "мазактоо" жана "майда бейбаштык" үчүн 2,5 миллион сум (200 долларга жакын) айыпка жыккан. Хасановдун жакындары камакка алуу анын блогерлик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп эсептешет.

Хасанов камакка алынганга чейин Фейсбуктагы баракчасына жергиликүү тургундун арызы менен видеосун жарялаганы үчүн куугунтукталып жатканын билдирген.

Бирок Самарканд облустук ички иштер башкармалыгы блогер жарандын арызынын негизинде кармалганын, коомдук жайлардын биринде аял блогерден аны видеого тартпоону суранганын, бирок Хасанов ага акарат келтиргенин кабарлады.

Үч баласы бар Хасанов мурда облустук “Овози Самарканд” (Самарканд үнү) гезитинде иштеп, азыр көз карандысыз журналист болуп, социалдык маселелерди чагылдырып, бийликти көйгөйлүү маселелерге чара көрүүгө чакырып келет.

XS
SM
MD
LG