Ссылки доступа

Казакстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы рейдде 50 киши кармалды


18-сентябрда Казакстандын бир катар облустарында уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы бар деп шектелген 50 адам кармалганын Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) билдирди.

Кармоо Астанада, Алматы жана Чымкент шаарларында, ошондой эле Актөбө, Атырау, Алматы, Жетысу, Батыш Казакстан жана Павлодар облустарында болгон.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, бул топ өзгөчө ири өлчөмдө товарларды жана транспорт каражаттарын уурдоонун каналын уюштуруп, уюшкан кылмыштуулукту каржылаган.

Кылмышка шектүүлөр 20дан ашык адамдын эки миллиард теңгеден ашык мүлкүн уурдап кетишкени айтылууда.

«Топто так иерархия жана ролдорду бөлүштүрүү болгон. Анын курамына кылмышкерлердин жана деструктивдүү диний чөйрөнүн, анын ичинде түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткандардын өкүлдөрү кирген», — деп айтылат Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүсүндө.

Маалым болгондой, тинтүү учурунда кармалгандардын жанынан нак акча менен бирге экстремисттик адабияттар табылган.

Комитет тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалымат берген жок.

XS
SM
MD
LG