Компаниянын маалыматы боюнча, кырсык болгон жерде авариялык-куткаруу топтору иштеп жатат.
"Кырсык болгон жерге кирүү тоо тектеринин жылышынан жана оор географиялык шарттан улам бир топ кыйын. Учурда урандылардын астында калган жумушчуну издөө боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат", - деп билдирет компания.
Компания жумушчу топ түзүп, окуянын чоо-жайын иликтөөгө киришти. “Алтыналмас АК” Казакстандын бир катар аймактарында алтын казып алуу жана кайра иштетүү менен алектенет. Жамбыл облусунда руда жер астынан да, ачык түрдө да казылып алынат.