Казакстандын Көкпар федерациясы билдирүү таратып, команда 1-ноябрда Чолпон-Атада өтө турган турнирге катыша албай турганын, анткени ал датага «башка маанилүү мелдештер пландалып жатканын» жана оюнчулар аларга даярданып жатышканын билдирди.
Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы казак көкпарчыларын 1-ноябрга “Биримдик Кубогуна” чакырган. Бул тууралуу Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев кабрлаган.
“Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы Казакстандын Көкпар федерациясы менен кызматташтыгын мындан ары да улантат жана тыгыз иштешкенге даярбыз. Көчмөндөр оюндарында түшүнбөстүк болгону бул калыстардын катачылыгынан болду. Оюндагы калыстар үчүн же бир-эки оюнчунун айынан эки эл бири-бири менен кайым айтышпашы керек. Биз көкбөрү күйөрмандарын ынтымакка чакырабыз", - деген Жунусалиев.
Астанада өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар жана көкбөрү боюнча оюндар өз-өзүнчө өткөн. Көкбөрүдөн финалдык беттеште кыргыз курамасы Казакстандын көкбөрү курамасы менен беттешип, 10:4 эсебинде жеңишке жетти. Көкпардан да финалда казак жана кыргыз курамалары күч сынашып, Казакстан 5:4 эсебинде уткан.
Көкпардан өткөн финалдык оюн учурунда чыр чыгып, оюн 35 мүнөттөй токтотулган. Бул оюндан кийин күйөрмандар арасында нааразылык жаралып, Кыргыз көкбөрүчүлөрү оюн калыс болбогонун айтышкан.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкбөрүдөн өткөн мелдештерге алты команда, көкпардан өткөн мелдештерге тогуз команда катышты.