Окуя 9-сентябрда болгон. Милицияга Барскоондун тургуну кайрылып, Көк-Сай аймагынан айылдын эки жашоочусу тогуз жаштагы кызын ур-токмокко алып, зордуктаганын айткан.
Ишти Ички иштер министрлиги көзөмөлүнө алганын билдирди. Мекеме тараткан маалыматта кылмышка шектүүлөр дароо кармалып, тергөө жүрүп жатканы айтылат:
"Бул окуя ички иштер министринин көзөмөлүнө алынып, бардык зарыл болгон тергөө иштерин жүргүзүү тапшырылган. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда. ИИМдин жетекчилиги мындай фактыларды көңүл сыртында калтырбайт жана күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу жазага тартылат".ж
Министрлик зордуктоого шектүү катары айылдын 19-25 жаштагы эки тургуну кармалып, эки айга камакка алынганын, соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатканын маалымдады.
Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда өткөн жылы жашы жете электерге карата 406 оор жана өзгөчө оор кылмыш жасалганы аныкталган. Кылмыш иштеринин 160ы зордуктоого байланыштуу.
Башкы көзөмөл органы быйылкы жылдын статистикасын жарыялай элек.