Ссылки доступа

Токаев Шольц менен жолугушууда Орусия аскердик жактан жеңилгис экенин айтты


16-сентябрда Астанада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Германиянын канцлери Олаф Шольц эки тараптуу мамилелердин маанилүү аспектилерин талкуулашты.

Токаев Шольцтун сапарын “тарыхый” деп сыпаттады жана Казакстан менен Германиянын кызматташтыгынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушууда Токаев Орусия аскердик жактан “жеңилгис” экенин белгилеп, Украинадагы чыр-чатактын мындан ары курчушунун кесепеттери жөнүндө айтты.

"Аскердик жактан Орусия жеңилбес экендиги факт. Согуштун мындан ары күчөшү бүткүл адамзат үчүн жана биринчи кезекте орус-украин жаңжалына түздөн-түз катышкан бардык өлкөлөр үчүн орду толгус кесепеттерге алып келет", - деди Токаев.

Токаев Стамбул келишиминен баш тартуу элдешүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгрганын, бирок тынчтыкка жетишүүнүн жолдору дале бар экенин айтты. Ал Кытай жана Бразилия сунуш кылган тынчтык демилгелерин чыр-чатакты чечүүнүн потенциалдуу жолдору катары кароого чакырды.

Греманиянын канцлери Олаф Шольц Өзбекстандан Казакстанга келип, коңшу өлкөнүн премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушту. Бул Германиянын канцлеринин 2010-жылдан бери Казакстанга жасаган алгачкы сапары. Шольцтун иш сапарынын алкагында Астанада “Борбор Азия-Германия” саммити өтүүдө.

XS
SM
MD
LG