Ссылки доступа

Өзбекстандын Сууда сүзүү федерациясында 158 миң доллар уурдалган


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын сууда сүзүү федерациясынын жооптуу кызматкерлери 2 миллиард сумдан (158 миң долларга чукул) ашык акчаны кымырып алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган федерацияга бөлүнгөн каражаттан сууда сүзүү боюнча курама командага кирбеген 15 адам Түркияга эс алууга жөнөтүлгөнү, анын ичинде федерациянын башкы катчысынын үй-бүлөсүнөн эки киши болгону айтылды. Бул сапарга 405 миллион сум (39 миң долларга жакын) сарпталган.

Иш жүзүндө аткарылбаган окуу-машыгууларды өткөрүү боюнча жасалма буйруктарга кол коюу менен дагы 458 миллион сум уурдалган.

Мындан тышкары демөөрчүлөр тарабынан эл аралык мелдештерге жана машыгууга бөлүнгөн 1 миллиард 200 миллион сум кымырылган.

Учурда кылмыш иши козголуп, алдын ала тергөө иштери башталды.

2022-жылы Gazeta.uz Сууда сүзүү федерациясындагы 1 миллиард сумдан ашык уурулук тууралуу жазган.

XS
SM
MD
LG