Ссылки доступа

Тажикстан жарандарына Беларуска барбай турууну сунуштады


Тажикстандын Минсктеги элчилиги 10-сентябрда Беларустун чек ара бекеттеринде көзөмөл күчөтүлгөнүн, андыктан тажик жарандары Беларуска барбай турса туура болорун билдирди.

10-сентябрда Тажикстандын Орусиядагы элчилиги жарандарынан бул өлкөгө убактылуу келбей турууну өтүнгөн. Тажикстандын Орусия менен Беларустагы өкүлчүлүктөрү кененирээк маалымат беришкен жок, бирок Орусия акыркы бир нече айда миңдеген тажикстандыктарды депортациялап же артка кайтарган. Беларус дагы Орусиянын башкы өнөктөшү.

Тажикстан менен Белорус шаарларынын ортосунда түз аба каттамдары жок. Тажикстандын жарандары акыркы жылдары Беларус аркылуу Европага барышат.

XS
SM
MD
LG