Айыптын көлөмү – 15 минималдык айлык көрсөткүч же 116 доллар.
Активист айыптоолорго жана соттун чечимине макул эмес, аны мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт.
Мурдараак Алматынын Ауэзов районунун прокуратурасы жарандык активист Абзал Достияровго атомдук электр станциясынын курулушу боюнча сурамжылоо жүргүзгөндүгү үчүн административдик иш козгогон.
Прокуратура активист бул аракети менен шайлоого байланыштуу сурамжылоо жүргүзүүнүн шарттарын бузганын билдирген.
2-сентябрда казак президенти Касым-Жомарт Токаев референдумду 6-октябрга белгилеген буйрукка кол койгон. Референдумга бир гана "Казакстанда атомдук электр станция курулуш керек дегенге кошуласызбы?" деген суроо коюлат.