Өзбекстан менен Катар ортосундагы келишимдин алкагында Өзбекстандын жогорку окуу жайларында 160 оогандык кыз-келинди медициналык адистиктер боюнча окутуу пландалууда.
Аларды Өзбекстандан келген тажрыйбалуу медицина адистери окутат, бул аялдардын кесиптик чеберчилигин жогорулатып, Ооганстандагы медицина тармагына кошкон салымын жогорулатары белгиленүүдө.
Долбоордун чыгымдарынын көбүн Катар тарап көтөрөт, тактап айтканда, Education Above All фонду ооган аялдарын окутууга, турак-жай жана башка керектүү чыгымдарга 2,2 миллион доллар бөлөт.