Ссылки доступа

Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Азия Олимпиада кеңешинин вице-президенти болуп дайындалды


 Отабек Умаров
Отабек Умаров

Өзбекстандын президентинин кичүү кызынын күйөөсү Отабек Умаров Азия Олимпиада кеңешинин  Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Нью-Делиде кеңештин 44- башкы ассамблеясы болуп, анда уюмдун жетекчилери шайланды. Азиянын Олимпиада кеңешинин президенти Ража Рандхир Сингх болсо, ал эми Отабек Умаров Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенттикке шайланды.

Борбор Азия боюнча вице-президент Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, ошондой эле Иран жана Ооганстанды камтып, олимпиадалык баалуулуктарды жана спортту өнүктүрүү маселелери менен алектенет.

Умаров иш-чарада сөз сүйлөп, Азия спорту дүйнөлүк деңгээлде өнүгүп баратканын, муну Париж-2024 Олимп оюндарында азиялык спортчулардын ийгиликтүү көрсөткүчтөрү тастыктаганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG