Ссылки доступа

Казакстанда жоокердин өлүмүн иликтөө өзгөчө көзөмөлгө алынды


Казакстандын Коргоо министрлиги Актау гарнизонундагы жоокердин өлүмү боюнча ишти өзгөчө көзөмөлгө алганын билдирди.

Окуяны ар тараптуу иликтөө үчүн генерал-майор Шайх-Хасан Жазыкбаевдин жетекчилиги астында атайын комиссия түзүлдү.

Ведомстводон билдиришкендей, тергөө органдары менен толук кандуу кызматташуу камсыздалып, күнөөлүүлөр катуу жоопкерчиликке тартылат. Маркумдун жакындарына ар тараптуу жардам убада кылынды.

Каргашалуу окуя 7-сентябрда Маңгыстау облусундагы “Оймаша” полигонунда болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттары Актау гарнизонунун басма сөз кызматына таянып, жоокер "курал менен иштөө эрежелерин бузгандыгына байланыштуу" мерт болгонун жазышкан.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, кечке маал лагердин кезметчиси – кароолдун лейтенанты тапанчадан ок чыгарып, ок жоокердин бетине тийген, жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон.

Каза болгон жоокердин атасынын видео кайрылуу жасап, уулу кокустан өлгөнүнө ишенбей турганын, ок баласынын бетине тийгенин жана аны офицер атканын айтууда.

Башкы Аскердик прокуратура жекшемби күнү Маңгыстау облусундагы "Оймаша" полигонунда аскерге чакырылган жоокердин өлүмү боюнча атайылап киши өлтүрүү беренеси боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди. Шектүү – аскер бөлүгүнүн взводунун командири. Маалым болгондой, ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

XS
SM
MD
LG