Ссылки доступа

Казакстанда окуучунун өлүмүнөн кийин мектеп директору иштен алынды


Актөбө облусунун Копа айылында 9-класстын окуучусу каза болгондон кийин мектептин директору ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Актөбө облусунун прокуратурасы билдирди.

Темир районунун Копа айылында 9, 10 жана 11-класстардын окуучуларынын ортосунда чыккан чыр-чатак 9-класстын окуучусунун өлүмү менен аяктаган. Окуя 2-сентябрь күнү кечинде болгон. Бул боюнча иликтөө иштери башталды.

Тергөө иштерин Актөбө облусунун полиция департаментинин тергөө-ыкчам тобу жүргүзүүдө. Районго атайын комиссия жөнөтүлдү.

Прокуратура тергөөнүн кызыкчылыгына шылтап, башка маалымат берген жок.

Кечээ Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов мектеп окуучусунун өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирген. Асыловдун айтымында, чоң балдар кичүүлөргө “тарбия берүүнү чечип”, бири-бирин сабоого мажбурлашкан.

Бул ишке шектүү катары эки жашы жете элек өспүрүм кармалган. Темир райондук соту аларды эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

XS
SM
MD
LG