Ссылки доступа

Укук коргоочулар Бельгиядан Ситорамону Тажикстанга депортациялабоону сурашты


Укук коргоо уюмдары Бельгиядан 37 жаштагы тажикстандык Ситорамо Ибрагимованы Тажикстанга экстрадициялабоону өтүнүштү.

Бул өлкөнүн бийлигине жолдонгон кайрылууда укук коргоо уюмдары ал кыйноого кабылып, абакка кесилиши мүмкүн деген кооптонуусун билдиришкен. Ибрагимова – Тажикстанда “жалданмачылык” жана “терроризм” беренелери боюнча айыпталып, 23 жылга эркинен ажыратылган Муродали Халимовдун жубайы.

Венадагы “Евразия үчүн эркиндик” уюмунун жетекчиси Лейла Назгүл Сейитбек 3-сентябрда “Озоди” радиосуна билдиргендей, алар тажик бийлиги сунган документтердин жана далилдердин көбүн текшерип, “негизсиз” деген бүтүмгө келишкен.

«Ошондуктан биз Ситорамо Ибрагимованы Душанбеге өткөрүп бербөө өтүнүчү менен Бельгиянын бийлигине кайрылдык», - деп кошумчалады ал.

Сейитбек тажик тараптын маалыматы менен Ситорамонун документтери менен билдирүүлөрүнүн дал келбестигин белгилейт:

“Тажик бийлигинин маалыматы боюнча, бул аял ИМ террордук тобунун мүчөсү жана согуштук аракеттерге катышкан. Анын күйөөсү Муродали Халимов “Жамаат Ансаруллах” уюмунун мүчөсү катары Тажикстанда абакта отурат. Күйөөсү менен аялынын эки карама-каршы уюмдун активдүү мүчөсү болушу мүмкүн эмес”.

Ситорамо Ибрагимова учурда камакта. Бельгиянын соту аны Тажикстанга экстрадициялоо маселесин карап жатат.

Анын төрт баласы бар. Мындан тышкары сиңдиси Нигора Саидованын эки кызы да анын карамагында. 27 жаштагы Нигора Саидова Польшадан Душанбеге экстрадицияланып, "терроризмди колдогон" деген айып менен жети жылга эркинен ажыратылган.

2015-жылдан кийин ондогон тажик жарандары Европа өлкөлөрүнөн башпаанек сурашкан. Алардын көбү Тажикстандагы саясий режимге же сөз жана дин эркиндигин чектөөгө макул эмес.

Акыркы жылдары Европа бийлиги алардын бир нечесин, анын ичинде Абдулло Шамсиддин, Билол Курбоналиев жана Фаррух Икромовду Тажикстанга депортациялаган.

XS
SM
MD
LG