Ссылки доступа

Казакстанда мандатынан ажыраган депутат куугунтукка учураганын билдирди


Казакстан парламентинин мажилисинин мурдагы депутаты Аскар Садыков өзүнө тагылган айыптарды жалган деп, социалдык тармактар аркылуу видео билдирүү жасады. Ал видеону 5-сентябрда Instagram баракчасына жарыялаган.

Экс-депутат өз ишинде элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын алдыга коюп, «мыйзамдарды сактап, ар бир жарандын укугун сыйлап» иштегенин айтты.

Аскар Садыков мандатынан күмөндүү жагдайда ажыраганын, талаш-талкууга катышууга ниети жок экенин билдирди. «Бирок Азат Перуашевдин куугунтугу мени жана менин үй-бүлөмдү кыйгап өткөн жок», - деди экс-депутат.

«Эгерде мени партиядан чыгарууну чечсеңиз, менин аброюма шек келтирген ыплас жалаа чогулткандан көрө, башка жүйө кетирсеңиз болмок, бирок менин ишимде андай нерсе жок», —деп кошумчалады Аскар Садыков.

Анын айтымында, партия жетекчилиги ага бул окуя боюнча кабарлаган эмес, андан түшүндүрмө да алышкан эмес. Бул маселе дисциплинардык кеңеште талкууланган эмес.

Партиянын төрагасы жана фракция лидери Азат Перуашев өткөн аптада Садыковдун партиядан чыгарылганын жана депутаттык мандатынан ажыратылганын өзүнүн Telegram каналында билдирген.

Шаршембиде Перуашев мурдагы депутат парламенте иштеген аялга асылганын, ал арызданып партия жетекчилигине кайрылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG