Иштин материалдарына ылайык, 1979-жылы Самарканд мамлекеттик университетин бүтүргөн Э. Хасанов аттуу жаран СССРди калыбына келтирүү маселесин көтөргөн.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Хасанов Алексей Иванович деген адам менен YouTube аркылуу таанышып, 2023-жылдын 3-май айында Москвага барган. Ал жерден Советтер Союзун калыбына келтирүүнү каалаган адамдарга жолугат. Ошондон кийин социалдык тармактар аркылуу Өзбек ССРи болушу керек деген пикирди жайылта баштаган.
Айыпталуучу тагылган айыпты мойнуна алган жок, бирок соттон жазаны жумшартууну сурады.
Сот Хасановдун эркиндигин үч жылга чектеди.
Ага саат 22:00дөн 6:00гө чейин батирден чыгууга, көзөмөл органынын уруксатысыз жашаган жерин өзгөртүүгө, Самарканд облусунун аймагынан чыгууга жана интернетти колдонууга тыюу салынды.