Ссылки доступа

Термезде тажик-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өттү


Өзбекстандын Термез шаарында өзбек-тажик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын курамындагы жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү.

Тажикстандын "Ховар" агенттиги жолугушуу 22-28-август күндөрү өткөнүн кабарлады.

"Анын жүрүшүндө тажик-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук демаркациялык чийини өткөн жерлерди тактоо боюнча биргелешкен иштер уланды", — деп жазылган билдирүүдө.

Жолугушуу протоколго кол коюу менен аяктады. Жумушчу топтордун кийинки сүйлөшүүлөрү Тажикстанда өтөт.

Чек ара маселеси боюнча тараптардын буга чейинки жолугушуусу быйыл май айында Душанбе шаарында өткөн.

Тажик-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен жумушчу топтордун иши 2019-жылы башталган. Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара сызыгынын жалпы узундугу 1 312 чакырымды түзөт.

XS
SM
MD
LG