Ссылки доступа

Тажикстан өкмөтү Рогун ГЭСинин курулушуна дагы $4 миллион бөлдү


Тажикстан өкмөтү Рогун ГЭСинин курулушун улантуу үчүн дагы 40 миллион сомони (3,7 миллион доллар) бөлдү. Өкмөттүн токтому июль айынын аягында кабыл алынып, анын мазмуну менен “Озоди” радиосу 26-августта таанышты.

Бул документтин негизинде Рогун ГЭСи үчүн мамлекеттик ишканалардын кирешесинен же пайдасынан 40 миллион сомони төлөнөт.

Рогун ГЭСинин курулушу үчүн мамлекет быйыл үчүнчү жолу каражат сарптоодо. Тажикстандын өкмөтү февраль жана апрель айларында 160 миллион сомони (14,5 миллион доллар) бөлгөн.

Буга чейин тажик өкмөтү Рогун ГЭСин курууга өлкө бюджетинен миллиондогон доллар короткон. Учурда бийлик курулушту улантуу үчүн чет элдик капиталды издөөдө. Быйыл июнь айында Ислам өнүктүрүү банкы Рогун ГЭСинин курулушуна 150 миллион доллар бөлүү программасын бекиткен.

Акыркы 16 жылдын ичинде электр станциясын куруунун баасы эки эсеге кымбаттады.

Эл аралык Standard & Poor's Global Ratings агенттиги 2035-жылга чейин Рогун ГЭСин толук куруп бүтүрүүгө 6,4 миллиард доллар керектелерин билдирди. Бул көрсөткүч долбоордун алгачкы эсептөөлөрүнөн дээрлик 2,2 эсеге жогору.

Тажик расмийлери курулуштун наркынын жогорулашы “валютанын девальвациясы жана продукциянын кымбатташына” байланыштуу дешсе, саясий оппоненттер муну коррупция жана капиталдык чыгымдардын ачык-айкын эместиги менен байланыштырууда.

Бүгүнкү күндө заводдун эки агрегаты курулган. Президент Эмомали Рахмондун айтымында, ГЭСтин үчүнчү агрегаты 2025-жылы ишке кирет.

XS
SM
MD
LG