Климотолог Эркин Абдулахатовдун айтымында, бул мөңгүгө алгачкы экспедиция 2023-жылдын жайында жүргүзүлгөн. Анда изилдөөчүлөр мөңгүнүн четине үч метрлик казык орнотуп кетишкен. Бул жолку экспедицияда казык мөңгүдөн ажырап калганы байкалган. Буга мөңгүнүн бир жылдын ичинде 20 метрге артка кеткени себеп болгон.
"Пахтакор" мөңгүсү Өзбекстандын чыгыш бөлүгүндө, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасына жакын жерде жайгашкан.