Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жакында Муминабад жана Жалолиддин Балхи райондорундагы дагы эки жергиликтүү аэропортту жергиликтүү бийликтин карамагынан өлкөнүн Коргоо министрлигинин карамагына өткөрүү жарлыгына кол койду.
Токтом Тажикстандын Юстиция министрлигинин укуктук маалымат порталында жарыяланды.
Муну менен Коргоо министрлигинин карамагына өткөн жергиликтүү аэропорттордун саны 21ге жетти.
Өткөн жылдын август айында өлкөнүн өкмөтү токтом кабыл алып, ага ылайык 18 аэропорт Коргоо министрлигинин карамагына өткөн.
Документтерге ылайык, бардык аэропорттор акы төлөнүүчү аскердик кызматтан түшкөн каражатка калыбына келтирилет.