Балдар акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин Өзбекстандан кароосуз калган 22 бала Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү тарабынан мекенине кайтарылган – алардын 13ү Санкт-Петербургдан, 9у Москвадан, 8и Новосибирсктен жана 1 бала Казандан мекенине алып келинген.
Буга чейин Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган сегиз бала Новосибирсктен Өзбекстанга кайтарылганы маалымдалган. Бул балдарды мекенине кайтарган өзбек бийлиги алар эмне себептен кароосуз калганын так маалымдаган эмес.