Маалыматка караганда, имараттын чатырында иштеп жаткан жумушчулар кулап кетишкен.
Комбинатка ээлик кылган Qarmet компаниясы окуяны «трагедиялык кырсык» деп атап, каза болгондор «Казмеханомонтаж» жалданма уюмунун жумушчулары экенин билдирди. Qarmet жалданма компанияны техникалык коопсуздукту сактаган эмес деп айыптады.
«Эки жумушчунун бийиктиктен кулап кетишине коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп болгон. Компания мындан ары мындай кырсыктарды болтурбоо жана өндүрүштө максималдуу коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык керектүү чараларды көрөт, — деп билдирди Qarmet.
Бийлик кырсыктын себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.