Маалыматка караганда, сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн кызматташуусу боюнча документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Токаевдин мамлекеттик сапарынын алкагында, бүгүн "Кохи Борбад" комплексинде Казакстандын маданият күндөрүнүн ачылышы болору күтүлүүдө. 22-23-августта казак өнөрпоздору Бохтар жана Хожент шаарларында маданий программа тартуулары пландалууда.
Токаевдин сапарына байланыштуу Душанбеде унаалардын бардык түрлөрүнүн кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Казакстан Тажикстандын эң маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири. Расмий маалыматтарга караганда, 2023-жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 1 миллиард доллардан ашкан жана жакынкы аралыкта тараптар бул көрсөткүчтү 2 миллиард долларга жеткирүү ниетинде.
Касым-Жомарт Токаевдин Душанбеге акыркы жолу 2023-жылдын сентябрь айында барган. Тажикстан менен Казакстандын дипломатиялык алакасы 1993-жылы түзүлгөн. Орусиядан кийин Казакстан Тажикстандан эмгек мигранттарын кабыл алган экинчи өлкө.