Федералдык коопсуздук кызматынын Хабаровск шаарындагы кызматкерлери террордук аракеттерге көмөктөшкөн Борбор Азия мамлекеттеринин биринен келген чет элдик жаранды кармашты. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) билдирди.
Маалым болгондой, кармалган адам Өзбекстандын жарандарын окуудан өтүүгө жана эл аралык террористтик уюмдун ишмердүүлүгүнө түздөн-түз катышууга тарткан.
Шектүү кайсы өлкөнүн жараны экени так айтылган жок.
Аталган жаранга карата “Террордук аракеттерге көмөктөшүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.