Документ "Ачык нормативдик-укуктук актылар" порталына жарыяланды.
Түшүндүрмө катта чет элдик ЖМКлардын өкүлчүлүктөрүн жана алардын журналисттерин аккредитациялоо эрежелери жакында кабыл алынган «Масс-медиа жөнүндө» мыйзамга ылайык келтирилип жатканы жазылган.
Өзгөртүүлөргө ылайык, чет элдик ЖМКлардын өкүлчүлүктөрүнө аккредитациялык күбөлүк буга чейинкидей мөөнөтсүз эмес, үч жылга гана берилет.
Сунушталган өзгөртүүлөрдө чет элдик басылмалардын журналисттеринин аккредитациясын токтотууга же чакыртып алууга мүмкүндүк бере турган ондон ашык пункт бар. Алардын бирине ылайык, чет элдик ЖМКда иштеген журналисттин аккредитациясын чакыртып алууга “басма сөз тармагындагы административдик укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу тууралуу” соттун же маалымат каражаттары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын күчүнө кирген чечими себеп болушу мүмкүн.
«Укуктук медиа-борбор» бейөкмөт уюму бул өзгөртүүлөр чет элдик медиада иштеген казакстандык журналисттердин ишмердүүлүгүн коркунучка кептеши мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу уюмдун эксперти Гүлмира Биржанова өзүнүн Facebook баракчасына билдирүү жазды. Ал былтыр жайында Административдик кодекске киргизилген «фейктер» жөнүндөгү беренени эске салды.
«Административдик кодекстеги «Жалган маалымат таратуу» жөнүндөгү популярдуу беренени эстейли. Бул берененин негизинде жоопко тартылган же тарткылары келген казакстандык журналисттерди эстеп коелу», — деп жазды ал.
Чет элдик ЖМКлардын өкүлчүлүктөрүн жана алардын журналисттерин аккредитациялоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору боюнча коомдук талкуу 3-сентябрда аяктайт.
19-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Масса-медиа жөнүндө» мыйзамга жана сөз эркиндигин коргоочуларды тынчсыздандырган айрым жоболордун топтомуна кол койгон.
«Чек арасыз кабарчылар» (RSF) эл аралык уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча 2023-жыл үчүн жарыяланган индексинде Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 142-орунга жайгашкан.